# 18-статья. Өрттү өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү учурундагы өрт коопсуздугу кызматынын кызматкерлеринин укуктары

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/629)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 17-июнундагы № 22 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2017 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111591)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.05.2017 [Закон КР от 18 мая 2017 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111591); 16.06.2011 [Закон КР от 16 июня 2011 года № 49 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности""](https://aqlex.ai/kg/doc/203293); 14.06.2005 [Закон КР от 14 июня 2005 года №76 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1676)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/629#diff=1209348..1209349>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-595/edition/1209343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/629/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 18-статья (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-18

---

Өрт коопсуздугу кызматынын кызматкерлери өрт өчүрүү мезгилинде өрттү өчүрүүнүн жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жетекчисинин буйругу боюнча төмөндөгүлөргө укуктуу;

1) күйгөн продуктылар жана оттун учкундары тараган жана таралышы мүмкүн болгон өндүрүш жана башка жайларга кирүүгө;

2) имараттардын жана курулмалардын конструктивдүү элементтерин түзгөн жана тосуп турган жабык эшиктерди сындырууга (ачууга);

3) өрттү өчүрүүгө жолтоо болгон заттарды ордунан жылдырууга, адамдарды жана материалдык баалуулуктарды алып чыгып кетүүгө;

4) оттун жана күйүп жаткан продуктылардын таралышына коркунуч туулган имараттардан, жайлардан адамдарды жана материалдык баалуулуктарды чыгарып кетүү боюнча буйруктарды берүүгө;

5) материалдык-техникалык ресурстарды пайдаланууну жана өрттү өчүрүү үчүн жумушчуларды жана кызматчыларды катыштыруусун ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринен талап кылууга.

Өрт өчүрүүдө жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүүдө аскер кызматчыларын жана өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерин уюштуруунун жана ишти жүргүзүүнүн тартиби өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. (3-бөлүк КР 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Өрт коопсуздук кызматтарынын жеке курамы, өтө зарыл шарттарда иштөөчү өрт өчүрүүнүн жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүүнүн башка катышуучулары келтирилген зыяндын ордун толтуруудан бошотулат. (КР 2005-жылдын 14-июнундагы № 76, 2011-жылдын 16-июнундагы № 49, 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-19)
