# 17-статья. Өрттү өчүрүүнүн жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүүнүн жетекчиси

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/629)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 17-июнундагы № 22 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2017 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111591)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.05.2017 [Закон КР от 18 мая 2017 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111591); 14.06.2005 [Закон КР от 14 июня 2005 года №76 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1676)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/629#diff=1209348..1209349>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-595/edition/1209343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/629/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 17-статья (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-17

---

Өрттү өчүрүү боюнча иштерди өрткө келген өрт коопсуздугу кызматынын чоңу жетектейт. Өрт чыккан жерге өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын курамдары келген учурда анын чоңу өрттү өчүрүү боюнча иштерге жетекчиликти өз колуна алат. Өрттү өчүрүүнүн жетекчиси бардык иштерди жалгыз өзү башкарат, ага өрттү өчүрүүгө келген бардык өрт коопсуздук кызматтарынын курамдары жана аларга баш ийген күчтөр баш ийишет. Кызмат адамдарынын эч кимиси өрттү өчүрүүгө байланышкан өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин буйруктарына кийлигишүүгө, аны жокко чыгарууга акысы жок. Өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин буйруктары өрттү өчүрүүгө катышып жаткан бардык граждандар жана мамлекеттик органдардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. (КР 2005-жылдын 14-июнундагы № 76, 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [161-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-161)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-18)
