17-статья. Өрттү өчүрүүнүн жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүүнүн жетекчиси
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 мая 2017 года № 83
Өрттү өчүрүү боюнча иштерди өрткө келген өрт коопсуздугу кызматынын чоңу жетектейт. Өрт чыккан жерге өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын курамдары келген учурда анын чоңу өрттү өчүрүү боюнча иштерге жетекчиликти өз колуна алат. Өрттү өчүрүүнүн жетекчиси бардык иштерди жалгыз өзү башкарат, ага өрттү өчүрүүгө келген бардык өрт коопсуздук кызматтарынын курамдары жана аларга баш ийген күчтөр баш ийишет. Кызмат адамдарынын эч кимиси өрттү өчүрүүгө байланышкан өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин буйруктарына кийлигишүүгө, аны жокко чыгарууга акысы жок. Өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин буйруктары өрттү өчүрүүгө катышып жаткан бардык граждандар жана мамлекеттик органдардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. (КР 2005-жылдын 14-июнундагы № 76, 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 мая 2017 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 июня 2005 года №76 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"Редакцияларды салыштыруу
18.05.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Өрттү өчүрүүнүн кошулду: жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүүнүн жетекчиси
Өрттү өчүрүү боюнча иштерди өрткө келген өрт коопсуздугу кызматынын чоңу жетектейт. Өрт чыккан жерге кошулду: өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик алынып салынды: өрткө каршы кызматтын кошулду: органдын курамдары келген учурда анын чоңу өрттү өчүрүү боюнча иштерге … милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
(КР 2005-жылдын 14-июнундагы № алынып салынды: 76 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 76, 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/629/st-17" title="17-статья - Өрт коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>