# 161-статья. Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүзөгө ашыруучу өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын укуктары

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/629)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 17-июнундагы № 22 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2017 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111591)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/629#diff=1209348..1209349>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-595/edition/1209343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/629/st-161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 161-статья (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-161

---

Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өрткө каршы иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн, өрттүк-техникалык экспертиза жасоо үчүн, ал эми зарыл учурларда - өрт коопсуздугунун стандарттардын, ченемдеринин жана эрежелеринин аткарылышын контролдоо боюнча ишке катышуу үчүн илимий изилдөөчү жана долбоорлоочу уюмдардын адистерин, объекттердин инженердик-техникалык жана башка кызматкерлерин ишке тартууга;

2) техникалык регламенттерге, стандарттарга жана техникалык шарттарга киргизилүүчү өрт коопсуздугунун талаптарын макулдашууга;

3) өрт жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузганы жөнүндө иштер боюнча алгачкы текшерүүлөрдү, өрттүн себептерин белгиленген тартипте техникалык иликтөө иштерин жүргүзүүгө, алардын натыйжалары боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу чечимдерди кабыл алууга;

4) өрттү өчүрүү жана өзгөчө кырдалдардын кесепеттерин жоюу зоналарында транспорт каражаттарынын кыймылын жана жарандардын жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды көрүүгө.

(КР 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-16)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-17)
