16-статья. Мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүзөгө ашыруучу өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын укуктары
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
Кыргыз Республикасынын өрт көзөмөлү боюнча башкы мамлекеттик инспектору, анын орун басарлары жана өрт көзөмөлү боюнча мамлекеттик улук инспекторлор укуктуу:
1) өрт чыгуу коркунучуна түз алып келүүчү шарт түзүлүп, стандарттар, нормалар жана өрт коопсуздугунун эрежелери бузулганда ишканалардын, уюмдардын иштөөсүнө, ошондой эле курулуш нормаларынын жана эрежелеринин өрткө каршы талаптарынан четтеген объекттердин курулушуна, кеңейтилүүсүнө, оңдоп конструкциялануусуна жана техникалык жактан кайра жабдылуусуна тыюу салууга же токтото турууга;
2) (КР 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Өрт көзөмөлү боюнча башкы, улук жана мамлекеттик инспекторлор стандарттарды, нормаларды жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузгандарга колдонуудагы административдик мыйзамдарга ылайык тийиштүү эскертүү же штраф түрүндөгү административдик жазаларды берүүгө акылуу. Өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык кызмат адамдары укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын турак жай фондуна тиешелүү объекттерди кошпогондо, объекттердин ведомстволук таандыктуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан, алардын өрт коопсуздугун текшерүүгө, анын натыйжалары боюнча ушул Мыйзамдын, тиешелүү техникалык регламенттердин, өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарын аткарууга эскертүүлөрдү, жазма буйруктарды берүүгө;
2) министрликтерден, административдик ведомстволордон, мекемелерден, уюмдардан жана ишканалардан объектилердин жана чыгарылган продукциялардын өрт коопсуздугу боюнча абалын мүнөздөгөн, ошондой эле чыккан өрт жана анын кесепеттери жөнүндө маалыматтарды жана документтерди талап кылууга;
3) (КР 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) объектилерде өрт коопсуздугунун маселелери боюнча адистердин билимине, окуу жайларындагы өрт ишинин негиздерин окутуунун сапатына текшерүү жүргүзүүгө;
5) (КР 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) объектилердеги өрткө каршы коргонуу каражаттарынын абалын, ошондой эле ведомстволук өрттөн коргоо курамдарынын жана ишканалардын өрттөн сактануучу ыктыярдуу уюшмаларынын ишке жарамдуулугун текшерүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында орун алып жана ишмердигин жүргүзүп жаткан бардык жеке жана юридикалык жактардын объектилериндеги өрт коопсуздугу боюнча стандарттарды жана техникалык шарттарды бузуу жолу менен иштеп жаткан жайларды, машиналарды, приборлорду, жабдууларды, жылуулукту генерациялоочу, энергияны сарп кылуучу жана башка жасалгаларды пайдаланууга тыюу салууга.
(КР 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 18.05.2017 · № 83 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/629/st-16" title="16-статья - Өрт коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>