141-статья. Мамлекеттик өрткө каршы алдын алуунун негизги милдеттери
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 мая 2017 года № 83
Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрткө каршы алдын алуу төмөнкү негизги милдеттерди өзүнө камтыйт:
1) өз алдынча же кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мекемелер жана уюмдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашыруучу бардык жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон өрт коопсуздугу жаатындагы стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин долбоорлорун иштеп чыгууну жүзөгө ашыруу;
2) өрт коопсуздугу жаатындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү координациялоо жана уюштуруу;
3) ведомстволук жана ыктыярдуу өрттөн сактоо бөлүмдөрүнө жана уюмдарына өрттүн алдын алуу иштерин жана күжүрмөн даярдыкты уюштурууда жардам көрсөтүү;
4) жеке жана юридикалык жактар расмий кайрылганда өрткө каршы ченемдөөнү жүргүзүү, тиешелүү мыйзамдарга, техникалык регламенттерге, стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берүү менен, объекттерди куруунун, реконструкциялоонун жана арналышын өзгөртүүнүн долбоордук документтерин макулдашуу;
5) жеке жана юридикалык жактар расмий кайрылганда материалдарга, түзүлүштөргө, агрегаттарга, жабдууларга, өрткө каршы автоматтык системаларга, курулуп, реконструкцияланып, арналышы өзгөртүлүп жаткан имараттардын жана курулмалардын, эксплуатацияланып жаткан имараттардын жана курулмалардын долбоордук документтерине тиешелүү мыйзамдардын, техникалык регламенттердин, стандарттардын талаптарына, өрт коопсуздугунун ченемдерине жана эрежелерине ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берүү;
6) өрт чыкканда жайларды, имараттарды, курулмаларды, түзүлүштөрдү жана агрегаттарды өрттөн жана өрт продуктуларынан автоматтык коргоо каражаттарын жана системаларын ишке киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү;
7) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, уюмдар жана ишканалар менен биргеликте өрт өчүрүүгө жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүүгө катышуу үчүн алардын күчтөрүн жана каражаттарын тартуунун тартибин иштеп чыгуу;
8) өрттүн алдын алуу жана өчүрүү жаатында региондорду, аймактарды, тармактарды жана ишканаларды комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга катышуу;
9) адамдардын өмүрүн жана ден-соолугун, Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктуу конуштарды жана материалдык баалуулуктарды коргоо максатында өрттүн алдын алууну уюштуруу.
(КР 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
141-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 мая 2017 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"Редакцияларды салыштыруу
18.05.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Мамлекеттик өрткө каршы алдын алуунун негизги милдеттери Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрткө каршы алдын алуу төмөнкү негизги милдеттерди өзүнө камтыйт: 1) өз алдынча же кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мекемелер жана уюмдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашыруучу бардык жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон өрт коопсуздугу жаатындагы стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин долбоорлорун иштеп чыгууну жүзөгө ашыруу; 2) өрт коопсуздугу жаатындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү координациялоо жана уюштуруу; 3) ведомстволук жана ыктыярдуу өрттөн сактоо бөлүмдөрүнө жана уюмдарына өрттүн алдын алуу иштерин жана күжүрмөн даярдыкты уюштурууда жардам көрсөтүү; 4) жеке жана юридикалык жактар расмий кайрылганда өрткө каршы ченемдөөнү жүргүзүү, тиешелүү мыйзамдарга, техникалык регламенттерге, стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берүү менен, объекттерди куруунун, реконструкциялоонун жана арналышын өзгөртүүнүн долбоордук документтерин макулдашуу; 5) жеке жана юридикалык жактар расмий кайрылганда материалдарга, түзүлүштөргө, агрегаттарга, жабдууларга, өрткө каршы автоматтык системаларга, курулуп, реконструкцияланып, арналышы өзгөртүлүп жаткан имараттардын жана курулмалардын, эксплуатацияланып жаткан имараттардын жана курулмалардын долбоордук документтерине тиешелүү мыйзамдардын, техникалык регламенттердин, стандарттардын талаптарына, өрт коопсуздугунун ченемдерине жана эрежелерине ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берүү; 6) өрт чыкканда жайларды, имараттарды, курулмаларды, түзүлүштөрдү жана агрегаттарды өрттөн жана өрт продуктуларынан автоматтык коргоо каражаттарын жана системаларын ишке киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү; 7) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, уюмдар жана ишканалар менен биргеликте өрт өчүрүүгө жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүүгө катышуу үчүн алардын күчтөрүн жана каражаттарын тартуунун тартибин иштеп чыгуу; 8) өрттүн алдын алуу жана өчүрүү жаатында региондорду, аймактарды, тармактарды жана ишканаларды комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга катышуу; 9) адамдардын өмүрүн жана ден-соолугун, Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктуу конуштарды жана материалдык баалуулуктарды коргоо максатында өрттүн алдын алууну уюштуруу. (КР 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/629/st-141" title="141-статья - Өрт коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>