# 14-статья. Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн жана контролунун өрт коопсуздугуна негизги милдеттери

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/629)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 17-июнундагы № 22 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2017 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111591)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/629#diff=1209348..1209349>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-595/edition/1209343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/629/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 14-статья (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-14

---

Кыргыз Республикасында Мамлекеттик өрт көзөмөлү төмөнкү негизги милдеттерди өзүнө камтыйт:

1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын, кызмат адамдарынын, жеке менчик ээлеринин жана жарандардын ушул Мыйзамдын, өрт коопсуздугу жаатындагы башка мыйзамдардын, техникалык регламенттердин, стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин талаптарын аткаруусун көзөмөлдөөнү жана контролдоону жүзөгө ашыруу;

2) чарба жүргүзүү объекттеринин жана калктуу конуштардын өрт коопсуздугунун абалы жөнүндө, жүргүзүлгөн көзөмөлдөө иш-чараларынын натыйжалары жөнүндө мамлекеттик органдарга жана калкка маалымдоо;

3) кызыкдар юридикалык жана жеке жактар менен биргеликте товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өрт коопсуздугун контролдоону жүзөгө ашыруу.

(КР 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-13)  
Кийинки берене: [141-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-141)
