# КР Президентинин 1996-жылдын 20-майы ПУ № 169 "Нарын шаарынын 70 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Указы

- Толук аталышы: КР Президентинин 1996-жылдын 20-майы ПУ № 169 "Нарын шаарынын 70 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 20.05.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62858>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6721/edition/1123406/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62858.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 1996-жылдын 20-майы ПУ № 169 "Нарын шаарынын 70 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Указы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62858

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ УКАЗЫ 1996-жылдын 20-майы ПУ № 169 Нарын шаарынын 70 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Нарын шаарынын 70 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Нарын областынын калкынын көп сандаган сунуштарын эске алуу менен жана шаардын социалдык-экономикалык инфраструктурасын андан ары өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 1997-жылдын ноябрында Нарын шаарынын 70 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралар өткөрүлсүн.

2. Нарын шаарынын 70 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Улуттук уюштуруу комитетинин курамы бекитилсин (тиркелет).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республиканын ички миграция процесстерин эске алуу менен Нарын шаарын 2001-жылга чейин социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын 1996-жылдын 1-декабрына чейин иштеп чыксын жана бекитсин.

4. Нарын шаарынын 70 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Улуттук уюштуруу комитети шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын 1997-жылдын 1-январына чейин кеңири талкуулоону жана бекитүүнү камсыз кылсын.

5. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Президенттин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 20-майындагы № 169 Указы менен бекитилген

Нарын шаарынын 70 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Улуттук уюштуруу комитетинин КУРАМЫ

Жумалиев К.М

-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, комитеттин төрагасы

Бекболотов Б№

-Нарын областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы, комитеттин төрагасынын орун басары

Усубалиев Т.У.

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, комитеттин төрагасынын орун басары

Жангарачева М.К.

-Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комитеттин төрагасынын орун басары

Койчуманов Т.Ж.

-Кыргыз Республикасынын экономика министри, комитеттин төрагасынын орун басары

Комитеттин мүчөлөрү:

Акималиев Ж.А.

-Кыргыз агрардык академиясынын ректору

Акматалиев А.

-Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы

Ашыралиев К.

-Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы

Базарбаев Ч.

-Кыргыз Республикасынын маданият министри

Асанов Ү.А.

-Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы

Бейшеналиев Ш.Б.

- Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу

Жекшенкулов А.

-Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары

Жүндүбаева Н.

-акын

Касиев Н.К.

-Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри

Кадырбеков И.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты

Молдогазиев Э.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты

Садыбакасова Ш.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл Өкүлдөр жыйынынын депутаты
