# КР Президентинин 2014-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 39 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2014-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 39 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6688/edition/1202891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2014-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 39 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы (28.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62822

---

КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 1-марты ПЖ № 39 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) жогорудагы аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө Жободо:

- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Комиссиянын ишин уюштурууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмү камсыз кылат.";

- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалымат жылына эки жолу Комиссия тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.".

2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев

2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ

Ниязов Ф.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы;

Комиссиянын мүчөлөрү:

Жолдошева Н.К.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Алымкулов А.Т.

\-

Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри;

Куйкеев Э.А.

\-

Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;

Калиев М.Т.

\-

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары;

Амандыков М.Л.

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары;

Абилова М.Т.

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн референти;

Аттокуров Д.Б.

\-

коомдук ишмер;

Мискенбаев М.Ж.

\-

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Баткулов М.Ө.

\-

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Адыбаев К.Ж.

\-

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Казиев З.

\-

"Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Айдабосунова Н.И.

\-

"Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Бианки М.

\-

"Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча).
