# КР Президентинин 1996-жылдын 26-февралындагы ПУ № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасын кабыл алуу жөнүндө" Указы

- Толук аталышы: КР Президентинин 1996-жылдын 26-февралындагы ПУ № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасын кабыл алуу жөнүндө" Указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 26.02.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62801>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6667/edition/509776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62801.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 1996-жылдын 26-февралындагы ПУ № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасын кабыл алуу жөнүндө" Указы (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62801

---

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ УКАЗЫ 1996-жылдын 26-февралы ПУ № 23 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасын кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкага кетүү жөнүндөгү өтүнүчүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-статьясынын 4 жана 5-пункттарын жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнчө өз ыйгарым укуктарын аткарып туруу тапшырылсын.

3. Ушул Указ ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
