# КР Президентинин 1992-жылдын 18-майындагы ПУ № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Ош жана Жалал-Абад областтарындагы Табигый кырсыктын кесепетин жою боюнча штабды түзүү жөнүндө" Указы

- Толук аталышы: КР Президентинин 1992-жылдын 18-майындагы ПУ № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Ош жана Жалал-Абад областтарындагы Табигый кырсыктын кесепетин жою боюнча штабды түзүү жөнүндө" Указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 18.05.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.05.1992
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62711>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6577/edition/1202687/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62711.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.1992 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 1992-жылдын 18-майындагы ПУ № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Ош жана Жалал-Абад областтарындагы Табигый кырсыктын кесепетин жою боюнча штабды түзүү жөнүндө" Указы (18.05.1992 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62711

---

УТРАТИЛ СИЛУ в соответствии с Указом Президента КР от 28 декабря 2022 года УП № 408

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ УКАЗЫ

1992-жылдын 18-майы ПУ № 155 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Ош жана Жалал-Абад областтарындагы Табигый кырсыктын кесепетин жою боюнча штабды түзүү жөнүндө Ош жана Жалал-Абад областтарындагы табигый кырсыктын кесепетин жоюу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында төмөнкүдөй курамдагы Штаб түзүлсүн:

Чынгышев Т.Ч.

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Штабдын төрагасы

Фишер Я.Е.

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын төрагасы, Штабдын төрагасынын орун басары

Штабдын мүчөлөрү:

Асанов К.А.

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри

Васильченко Н.Н.

- Кыргызкоммунбирлигинин төрагасы

Давыдов И.А.

- мамлекеттик Энергетикалык «Кубат» холдиң компаниясынын төрагасынын орун басары

Зулпуев М.З.

- Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация министри

Иордан А.А.

- Кыргыз Республикасынын Соода жана материалдык ресурстар министри

Курманкожоев С.А.

- Республикалык «Кыргызнефтьпродукт» өндүрүштүк бирикмесинин төрагасы

Кадырбеков И.Д.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулушка техникалык жактан конторлдук кылуу боюнча маминспекциянын директору

Малабеков М.Н.

- мамлекеттик «Кыргызстан» Камсыздандыруу компаниясынын башкармасынын төрагасы

Муралиев А.М.

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министри

Нанаев К.К.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы

Орозбаев М.О.

- Кыргыз керек-жарак бирлигинин төрагасы

Осмонов Б.О.

- Жалал-Абад областынын мамлекеттик акимдигинин башчысы

Суталинов А.А.

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри

Сыдыков Б.С.

- Ош областынын мамлекеттик акимдигинин башчысы

Шапиро Б.М.

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары

Үмөталиев Ж.А.

- Кыргыз Республикасынын Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1992-жылдын май айында Ош жана Жалал-Абад областтарында болгон табигый кырсыктын кесепетин жоюу боюнча токтомду бир жумалык мөөнөттө даярдасын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев
