# 9-статья. Камсыздандырылган адамдардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/627)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 20-мартындагы № 20 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 17.11.2016 [Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111457); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 217 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/203180)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/627#diff=1247284..1247285>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/627/edition/1247260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/627/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 9-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-9

---

Камсыздандырылган адамдар: кызматкерлердин жана жумуш берүүчүлөрдүн өкүлчүлүктүү органдары аркылуу социалдык камсыздандыруу системасын өркүндөтүүгө катышууга, камсыздандырылуучудан мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун каражаттарынын толукталышы жөнүндө тоскоолдуксуз маалымат алууга жана алардын чыгымдалышына контролдукту жүзөгө ашырууга; камсыздандыруучудан пенсияларды жана пособиелерди мөөнөтүндө жана белгиленген өлчөмдөрдө берүүнү талап кылууга; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелерди өз убагында жана белгиленген өлчөмдөрдө алууга; өз укуктарын коргоого, анын ичинде сот аркылуу коргоого укуктуу; милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тууралуу келишим түзүү үчүн топтолуучу пенсиялык фондду тандоого; топтолуучу пенсиялык фондунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу көлөмдө пенсиялык активдерди башкаруу боюнча компаниялардын уюштуруучулары жөнүндө маалымат алууга; Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өзүнүн пенсиялык топтоолорун мурастоого; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого кетип жатканда пенсиялык топтоолорду чыгарып алууга.

2. Камсыздандырылган адамдар:

мамлекеттик социалдык камсыздандырууга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген камсыздандыруу салымдарын төлөөгө; пенсияларды, пособиелерди жана компенсацияларды дайындоо жана төлөө үчүн зарыл болгон так документтерди камсыздандыруучуга өз убагында берүүгө; пенсияларды жана пособиелерди берүү үчүн белгиленген шарттарды сактоого милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 217, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-81)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-10)
