# 81-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/627)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 20-мартындагы № 20 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 13.05.2020 [Закон КР от 13 мая 2020 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам администрирования сбора страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/112060); 03.04.2020 [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023); 03.08.2015 [Закон КР от 3 августа 2015 года № 212 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111256)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/627#diff=1247284..1247285>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/627/edition/1247260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/627/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 81-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-81

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү укуктарга ээ:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучуга карата санкцияларды колдонууга; Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучулардын (өзгөчө иш режиминдеги ишканаларды, мекемелерди, уюмдарды, ички иштер, прокуратура жана коргоо органдарын, сотторду, банктарды кошуп алганда) камсыздандыруу салымдарын эсептөөгө жана төлөөгө байланышкан эсептерин, акчалай жана бухгалтердик документтерин, кирешелер жөнүндө декларацияларын жана башка документтерин текшерүүгө, операциялар жана эсептеринде, кассаларында акчалай каражаттардын болушу жөнүндө жана текшерүүлөрдө пайда болгон башка маселелер боюнча зарыл болгон маалымкаттарды жана маалыматтарды алууга; ишканалардын жана граждандардын пайда (киреше) алуу үчүн пайдаланылган, социалдык камсыздандыруу салымдарын төлөө үчүн эсепке алынган кандай гана болбосун өндүрүштүк, кампалык, соода жана башка жайларын (күркөлөрдү, чатырларды, көчөлөрдөгү автотранспорт токтоочу жайларды, соода түйүндөрүн кошуп алганда) тиешелүү эрежелерди сактоо менен иликтеп чыгууга; текшерүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүүгө башка уюмдардан, мекемелерден жана ишканалардан контролдоочу органдардын квалификациялуу адистерин тартууга; Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте жана камсыздандыруу салымдарынын төлөнгөн фактысынын каттоосунун болгондугун текшерүү боюнча рейддик контролду жүзөгө ашырууга; камсыздандыруучулардан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын табылган бузууларын четтетүүнү талап кылууга; камсыздандыруу салымдарын төлөө боюнча табылган эреже бузууларды четтетүү жөнүндө талаптар аткарылбаган, текшерүүгө жол берилбеген же социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын жана төлөөлөрдү эсептөө жана төлөө менен байланышкан документтерди кызмат адамдарына бербеген учурларда камсыздандыруу салымдарын төлөөчүнүн мекемелердеги, банктардагы жана башка финансы-кредиттик уюмдардагы эсептери боюнча операцияларын токтото турууга; ушул Мыйзамда жана башка мыйзам актыларында каралган камсыздандыруу салымдары боюнча милдеттүү төлөмдөрдүн, санкциялардын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммаларын камсыздандыруучунун бюджетине өндүрүп алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу салымдарын төлөөчүлөрдүн мүлкүнөн өндүрүп алууга; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынбаган жана карама-каршы келбеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте кароого; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын жыйноого жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте тартууга; эгерде мажбурлап өндүрүү камсыздандырылуучунун жоюлушуна же банкрот болушуна алып келиши мүмкүн болсо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, камсыздандыруу салымдары боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздары бар жана оор финансылык абалына байланыштуу аны төлөө үчүн мүмкүнчүлүгү жок болгон камсыздандырылуучуларга камсыздандыруу салымдары, үстөктөр, айып акылар жана башка финансылык санкциялары боюнча карыздарын тындыруу мөөнөтүн узартууга (кийинкиге жылдырууга); камсыздандыруу салымдарын өз убагында же толук төлөбөгөнү үчүн камсыздандыруу салымдарын төлөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте үстөктөрдү жана айып акыларды эсептөөгө.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:

- өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына сактоого;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуучу чараларды жүзөгө ашырууга;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарынын туура эсептелишин, өз убагында төлөнүшүн жана которулушун контролдоону жүзөгө ашырууга; ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында каралган финансылык жана башка санкцияларды колдонууга жана өз убагында өндүрүп алууга;

- камсыздоочуга камсыздандыруу салымдарын жыйноо боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда алынган жана түзүлгөн маалыматтарды өз убагында берүүгө;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын жыйноону камсыз кылууга жана алардын эсептелишин жүзөгө ашырууга;

- камсыздандыруу салымдарын төлөөчүлөрүнүн даттанууларын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте кароого.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2020-жылдын 13-майындагы № 54, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-8)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-9)
