# 8-статья. Камсыздоочунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/627)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 20-мартындагы № 20 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 03.08.2015 [Закон КР от 3 августа 2015 года № 212 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111256)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/627#diff=1247284..1247285>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/627/edition/1247260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/627/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 8-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-8

---

1. Камсыздоочу төмөнкү укуктарга ээ:

мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын уюштурууга; жеке топтолуучу пенсиялык камсыз кылуу системасын уюштурууга; Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондду уюштурууга жана башкарууга; пенсиялык активдерди башкаруучу компанияларга ишенимдүү башкарууга которууга; камсыздандырылган адамдардын камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгү боюнча инвестициялык кирешелерди бөлүштүрүүгө; пенсияларды, пособиелерди төлөөнү жүзөгө ашырууга; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддон төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга; юридикалык жана жеке жактардан пенсияларды жана пособиелерди дайындоого жана төлөп берүүгө байланышкан документтерди берүүнү талап кылууга; пенсияларды төлөө боюнча мыйзамдардын табылган бузууларын камсыздандыруучулардан четтетүүнү талап кылууга; (абзац КР 2020-жылдын 13-майындагы № 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) ушул Мыйзамда белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

2. Камсыздоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялар, пособиелер жана компенсациялар менен камсыз кылуу бөлүгүндөгү мыйзам менен корголуучу укуктарын сактоого; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга; камсыздандырылган адамдарга пенсияларды жана пособиелерди туура жана өз убагында эсептөөнү жана төлөп берүүнү камсыз кылууга; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча тиешелүү отчетту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жогору турган органдарга өз убагында берүүгө; пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Мамлекеттик топтоо пенсиялык фонддун каражаттары боюнча тиешелүү отчетту өз убагында берүүгө; камсыздандырылган адамдын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте башкаруучу компанияларга же жеке пенсиялык фонддорго же топтолуучу пенсиялык каражаттарды инвестициялоо менен иштеген жана пенсиялык топтоолорду башкарууга укуктуу башка түзүмдөргө камсыздандырылган адамдын пенсиялык активдерин башкаруу үчүн жиберүүгө; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуучу чараларды жүзөгө ашырууга. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2020-жылдын 13-майындагы № 54, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-7)  
Кийинки берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-81)
