# 3-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун принциптери

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/627)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 20-мартындагы № 20 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/627/edition/1247260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/627/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 3-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-3

---

Төмөндөгүлөр: камсыздандырылган адамдарды социалдык жактан коргоонун жалпыга бирдей жана милдеттүү мүнөздө болушу; камсыздандырылган адамдарды социалдык жактан коргоонун жетишилген деңгээлине мамлекеттик гарантия; камсыздандырылган адамдардын эмгектик салымдарын, камсыздандыруу учурунун жана башка факторлордун себептерин эске алуу менен аларды социалдык жактан коргоонун дифференциациялык деңгээли; камсыздандырылган адамдардын жеке жоопкерчилиги, мында алардын өзүнүн социалдык камсыздандырылышын жол-жоболоштурууга жана финансылоого түздөн-түз катышуусу каралат; коомдук бирикмелердин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын контролдоого жана өнүктүрүүгө катышуусу; мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун субъектилеринин тең укуктуулугу жана укуктук жактан корголушу мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун негизги принциптери болуп саналат.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-4)
