# 28-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу органдары

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/627)
- Документтеги орду: V Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 20-мартындагы № 20 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 13.05.2020 [Закон КР от 13 мая 2020 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам администрирования сбора страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/112060); 17.11.2016 [Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111457); 13.02.2005 [Закон КР от 13 февраля 2005 года №32 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственном социальном страховании»](https://aqlex.ai/kg/doc/1628); 16.10.2002 [Закон КР от 16 октября 2002 года №145 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики «О Государственном социальном страховании»"](https://aqlex.ai/kg/doc/1102); 07.02.1998 [Закон КР от 7 февраля 1998 года №12 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/23)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/627#diff=1247284..1247285>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/627/edition/1247260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/627/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 28-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-28

---

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу - мамлекеттик контроль астындагы өз алдынча башкарылуучу система.

Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну өз алдынча башкаруу органы социалдык камсыздандыруу системасында өздөрүнүн таламдарын билдиришкен жактын ар биринин (мамлекет, жумуш берүүчүлөр, кесиптик бирликтер, жарандардын пенсия менен камсыз болуу жана саламаттык сактоо жагындагы таламдарын билдиришкен коомдук бирикмелер менен уюмдар) тең укуктуу катышуу принциби боюнча түзүлгөн Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш болуп эсептелет. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш социалдык камсыздандыруунун макулдашылган саясатын иштеп чыгууну, ошондой эле социалдык камсыздандыруу системасынын катышуучуларынын финансылык жана укуктук аудитин жүзөгө ашырат; ченемдик укуктук базаны даярдоо боюнча ишти координациялайт; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу салымдарынын тарифтери жана бюджети боюнча сунуштарды даярдайт. Системанын Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңешке кирген катышуучуларынын функциялары мамлекеттик социалдык камсыздандыруудагы алардын ролу менен аныкталат.

2. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын негизги аткаруучу органы социалдык камсыздандырууну өз алдынча башкаруу принцибинде иштеген жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун финансысын каражаттарды топтоо, пенсияларды, пособиелерди жана компенсацияларды дайындоо, кайра эсептөө жана төлөө боюнча функциялар менен кошо башкарууну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат. (Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-февралындагы № 12, 2002-жылдын 16-октябрындагы № 145, 2005-жылдын 13-февралындагы № 32, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2020-жылдын 13-майындагы № 54, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [271-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-271)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-29)
