# 26-статья. Камсыздандыруу салымдарын туура эсептөө, өз убагында төлөө жана которуу үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/627)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 20-мартындагы № 20 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552); 04.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 4 ноября 2022 года № 101 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию", "О государственном социальном страховании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112459); 13.05.2020 [Закон КР от 13 мая 2020 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам администрирования сбора страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/112060); 03.04.2020 [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023); 23.12.2019 [Закон КР от 23 декабря 2019 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию", "О государственном социальном страховании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112002); 17.11.2016 [Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111457); 29.10.2012 [Закон КР от 29 октября 2012 года № 175 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203775); 05.01.2002 [Закон КР от 5 января 2002 года N 1 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/948)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/627#diff=44235..44921>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/627/edition/1247260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/627/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 26-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-26

---

1. Камсыздандыруучулар жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн камсыздандырылган адамдар (жеке ишкерлер жана жеке жактар) камсыздандыруу салымдарынын туура эсептелиниши жана өз убагында төлөнүшү жана которулушу, социалдык камсыздандыруу каражаттарынын чыгымдалышы үчүн жоопкерчилик тартышат.

2. Камсыздандыруучуларга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн камсыздандырылган адамдарга (жеке ишкерлер жана жеке жактар) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн туумдар жана айып акылар төмөнкүдөй учурларда жана өлчөмдөрдө эсептелет:

эмгек акынын (кирешенин) суммасы төмөндөтүлгөндө, жашырылганда - төлөмдөрдүн төмөндөтүлгөн, жашырылган суммасынын эки эселенген өлчөмүндөгү айып акы; 2021-жылдын 1-апрелине чейинки отчеттук мезгил үчүн эсептешүү ведомостторунун белгиленген мөөнөтүнө карата календардык жыл ичинде эки жолудан ашык бербегенде (же кечик-тиргенде) - кийин кайра эсептөө менен мурдагы отчеттук мезгилде түзүлгөн төлөмдөрдүн суммасынын 25 пайызы өлчөмүндөгү айып пул; (төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 29-октябрындагы № 175 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) камсыздандыруу салымдары боюнча айыптык төлөмдөр - ар-бир өткөн күн үчүн 0,09 процент өлчөмүндө үстөктөр же айып акылар эсептелет. Камсыздандыруу салымдарын өз убагында төлөбөгөндүк үчүн кошуп эсептелген үстөктүн жалпы суммасы камсыздандыруу салымдары боюнча негизги карыздын өлчөмүнүн 100 процентинен ашпоого тийиш. Уюмдар жана мекемелер республикалык бюджеттен "Эмгек акы" жана "Социалдык фондго чегерүүлөр" деген статьялар боюнча өз убагында эмес жана толук эмес финансыланганда камсыздандыруу акыларын өз убагында төлөбөгөндүк үчүн аларга үстөктөр кошуп эсептелбейт. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын кесепетинен пайда болгон айыптык төлөмдөрдүн суммасына үстөктөр эсептелбейт.

3. Камсыздандыруу салымдары боюнча карыздар ушул Мыйзамда жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка мыйзам актыларында белгиленген финансылык жана башка санкциялардын суммалары камсыздоочу тарабынан камсыздандыруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык өндүрүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 17-декабрындагы № 151, 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2002-жылдын 5-январындагы № 1, 2012-жылдын 29-октябрындагы № 175, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2020-жылдын 13-майындагы № 54, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-27)
