# 24-статья. Камсыздандыруу салымдарын төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/627)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 20-мартындагы № 20 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 17.11.2016 [Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111457); 21.11.2014 [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 159 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/205380); 11.01.2014 [Закон КР от 11 января 2014 года № 3 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном страховании""](https://aqlex.ai/kg/doc/205223); 30.12.2001 [Закон КР от 30 декабря 2001 года №114 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/946)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/627#diff=35642..44235>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/627/edition/1247260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/627/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 24-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-24

---

1. Камсыздандыруучулар камсыздандыруу төгүмдөрүн (анын ичинде жумушчулар үчүн) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептешүү эсебине камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелген айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен ай сайын төлөшөт.

2. (КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Эмгек шарттарына жараша эмгеги үчүн сыйакы төлөө колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштин акыркы натыйжалары боюнча белгиленген камсыздандыруу салымдарын төлөөчүлөр камсыздандыруу салымдарын эмгек акынын эсебине төлөнгөн суммалардан көрсөтүлгөн максаттарга каражаттарды иш жүзүндө алган мөөнөттөрдө төлөп беришет.

4. Башкача шарттарда эмгектенген камсыздандыруу салымдарын төлөөчүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында граждандардын ушул категориялары үчүн аныкталган кирешелердин түрлөрүнөн жана анда белгиленген мөөнөттөрдө камсыздандыруу салымдарын төлөшөт.

5. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын эсептөө жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 30-декабрындагы № 114, 2014-жылдын 11-январындагы № 3, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 159, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-23)  
Кийинки берене: [241-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-241)
