# 22-статья. Камсыздандыруу салымдарын төлөөчүлөрдүн милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/627)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 20-мартындагы № 20 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 13.05.2020 [Закон КР от 13 мая 2020 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам администрирования сбора страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/112060); 17.11.2016 [Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111457); 29.10.2012 [Закон КР от 29 октября 2012 года № 175 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203775); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 217 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/203180); 07.02.1998 [Закон КР от 7 февраля 1998 года №12 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/23)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/627#diff=1247284..1247285>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/627/edition/1247260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/627/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 22-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-22

---

1. Камсыздандыруучулар жана камсыздандырылган адамдар Фондго камсыздандыруу салымдарын төлөөчүлөр болуп эсептелет.

Фондго камсыздандыруу салымдарын төлөө аны төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

2. (КР 2012-жылдын 29-октябрындагы № 175 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Камсыздандыруу салымдарын төлөөчүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган формада, тартипте, мөөнөттөрдө жана учурларда камсыздандырылган адамдар, алардын камсыздандыруу номери, стажы, эсептелген эмгек акысы (кирешеси), төлөнгөн камсыздандыруу салымдары жөнүндө маалыматтарды жана жеке эсепке алуу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды көрсөтүүгө милдеттүү.

Билдирүүлөрдүн эмгек акы жана камсыздандыруу салымдары жөнүндө бөлүгүндөгү маалыматтар кагазда жазылган, ошондой эле электрондук формада документ түрүндө берилиши мүмкүн. Бул учурда берилген документтердин юридикалык күчү электрондук санариптик колтамга же Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген маалыматты коргоонун башка системасы менен ырасталууга тийиш. Камсыздандыруучу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алынган маалыматтарды сактоодо жана пайдаланууда купуялуулукту камсыз кылат. Аларды башка жактарга берүүгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда жол берилет. (Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-февралындагы № 12, 2009-жылдын 15-июлундагы № 217, 2012-жылдын 29-октябрындагы № 175, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2020-жылдын 13-майындагы № 54, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-23)
