# 20-статья. Пособиелер менен камсыз кылуу маселелери боюнча талаштарды чечүү

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/627)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 20-мартындагы № 20 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/627/edition/1247260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/627/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 20-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-20

---

Камсыздандырылган адамдар менен камсыздандыруучунун ортосундагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелер менен камсыз кылуу маселелери жагындагы талаштар ушул Мыйзамдын 29-статьясына ылайык комиссия же социалдык камсыздандыруу боюнча полномочие берилген адам тарабынан тараптардын бири кайрылган учурдан тартып 5 күндүк мөөнөттө каралат. Комиссия же социалдык камсыздандыруу боюнча полномочие берилген адам өз чечимин тараптарга кат жүзүндө билдирет. Тараптар (бир тарап) комиссиянын же социалдык камсыздандыруу боюнча полномочиелүү адамдын чечими менен макул болбогондо же болбосо алар жок болгон учурда, маселе камсыздандыруучуну каттаган социалдык камсыздандыруунун аткаруучу органы (камсыздоочу) кайрылган учурдан тартып 10 күндүк мөөнөттө каралат. Кабыл алынган чечим тараптарга кат жүзүндө билдирилет. Бул чечим менен макул болбогон учурда талаш сот тартибинде чечилет.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-21)
