# 2-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/627)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 20-мартындагы № 20 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 13.05.2020 [Закон КР от 13 мая 2020 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам администрирования сбора страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/112060); 17.11.2016 [Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111457); 03.08.2015 [Закон КР от 3 августа 2015 года № 212 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111256); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 217 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/203180); 07.02.1998 [Закон КР от 7 февраля 1998 года №12 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/23)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/627#diff=1247284..1247285>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/627/edition/1247260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/627/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 2-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-2

---

Камсыздандыруучу - граждандарды эмгек келишимдери (контракттар) боюнча жалдаган граждандар, юридикалык жактар (менчигинин түрүнө жана ишинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар, мекемелер жана башка чарба жүргүзүүчү субъект) жана жеке адамдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашырып жаткан чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жеке адамдар ошондой эле эл аралык уюмдар, эл аралык макулдашууларга ылайык түзүлгөн уюмдар, эл аралык долбоорлор, дипломаттык мекемелер жана өкүлчүлүктөр. Камсыздоочу - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жагында камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырган юридикалык жак. Камсыздандырылган адам - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу өзүнүн пайдасы үчүн жүзөгө ашырылган жеке адам. Камсыздандыруу учуру - болгон окуя, анын натыйжасында камсыздоочунун камсыздандырылган адамга камсыздандыруу төлөмүн төлөө же ал тарткан чыгымдарды компенсациялоо милдети келип чыгат. Пособие - камсыздандыруу учуру келип чыкканда камсыздандырылган адамга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө жана шарттарда төлөнө турган камсыздандыруу төлөмү. Компенсация - Кыргыз Республикасынын жарандык жана эмгек мыйзамдарында белгиленген учурларда камсыздандырылган адамдардын чыгымдарынын ордун толтуруу. Камсыздандыруу салымы - камсыздандыруучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу үчүн камсыздоочуга төгүп берүүгө милдеттүү болгон акы. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун субъектилери - камсыздандыруучу, камсыздоочу, камсыздандырылган адам. Камсыздандыруу салымдарынын тарифи - бардык негиздер боюнча эсептелген эмгек акыга (кирешеге) карата проценттер менен же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын төлөөчүлөрдүн тиешелүү категориясы үчүн туруктуу өлчөмдөрдө белгиленген камсыздандыруу салымынын өлчөмү. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында каттоо - жеке жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын маалыматтарынын негизинде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр катары мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу субъекттерин эсепке алуу. Камсыздандыруу стажы - анын ичинде камсыздандырылган адам тарабынан (же ал үчүн) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салымдар төлөнүп турган эмгектик жана башка иштин мезгилинин суммардык узактыгы. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд - максаттуу камсыздандыруу фонду, анда камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынуучу жана камсыздандырылган адамдын пайдасына инвестициялык киреше алуу максатында инвестициялануучу пенсиянын топтолуучу бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрү топтолот. Инвестициялык киреше - баалуу кагаздар жана банктык депозиттер боюнча дивидендер жана пайыздар (кирешелер), пенсиялык топтолгон каражатты инвестициялоо боюнча операциялардын кирешелеринин башка түрлөрү. Топтолгон пенсиялык камсыздоо - топтолуулардын системасы, пенсиялык топтолууларды инвестициялоо, жарандардын камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгү боюнча инвестициялык кирешени бөлүштүрүү жана алардын негизинде пенсияларды төлөө. Пенсиялык активдер - инвестициялоо, камсыздандырылган адамдын пайдасына инвестициялык киреше алуу, топтолгон пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдү камсыздоо жана жүргүзүү үчүн багытталган каражаттар. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тууралуу келишим - камсыздандырылган адамдын пайдасына топтолуучу пенсиялык фонд менен камсыздандырылган адамдын ортосундагы макулдашуу, ага ылайык топтолуучу пенсиялык фонд пенсиялык негиздер келип чыкканда камсыздандырылган адамга пенсиянын топтолуучу бөлүгүн дайындоону жана төлөп берүүнү жүзөгө ашырууга милдеттүү. Пенсиялык топтоолор - пенсиялык топтоолорго түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана аларды инвестициялоодон алынган кирешенин эсебинен түзүлгөн каражаттардын жарандардын жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынган жыйындысы. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, камсыздандыруу салымдарын жыйноо, камсыздандыруу салымдарын эсептөөнү жана төлөөнү контролдоону жүзөгө ашыруу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы. (Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-февралындагы № 12, 2009-жылдын 15-июлундагы № 217, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2020-жылдын 13-майындагы № 54, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-3)
