2-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · I Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93
2-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 2-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Камсыздандыруучу - граждандарды эмгек келишимдери (контракттар) боюнча жалдаган граждандар, юридикалык жактар (менчигинин түрүнө жана ишинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар, мекемелер жана башка чарба жүргүзүүчү субъект) жана жеке адамдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашырып жаткан чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жеке адамдар ошондой эле эл аралык уюмдар, эл аралык макулдашууларга ылайык түзүлгөн уюмдар, эл аралык долбоорлор, дипломаттык мекемелер жана өкүлчүлүктөр. Камсыздоочу - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жагында камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырган юридикалык жак. Камсыздандырылган адам - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу өзүнүн пайдасы үчүн жүзөгө ашырылган жеке адам. Камсыздандыруу учуру - болгон окуя, анын натыйжасында камсыздоочунун камсыздандырылган адамга камсыздандыруу төлөмүн төлөө же ал тарткан чыгымдарды компенсациялоо милдети келип чыгат. Пособие - камсыздандыруу учуру келип чыкканда камсыздандырылган адамга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө жана шарттарда төлөнө турган камсыздандыруу төлөмү. Компенсация - Кыргыз Республикасынын жарандык жана эмгек мыйзамдарында белгиленген учурларда камсыздандырылган адамдардын чыгымдарынын ордун толтуруу. Камсыздандыруу салымы - камсыздандыруучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу үчүн камсыздоочуга төгүп берүүгө милдеттүү болгон акы. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун субъектилери - камсыздандыруучу, камсыздоочу, камсыздандырылган адам. Камсыздандыруу салымдарынын тарифи - бардык негиздер боюнча эсептелген эмгек акыга (кирешеге) карата проценттер менен же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын төлөөчүлөрдүн тиешелүү категориясы үчүн туруктуу өлчөмдөрдө белгиленген камсыздандыруу салымынын өлчөмү. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында каттоо - жеке жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын маалыматтарынын негизинде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр катары мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу субъекттерин эсепке алуу. Камсыздандыруу стажы - анын ичинде камсыздандырылган адам тарабынан (же ал үчүн) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салымдар төлөнүп турган эмгектик жана башка иштин мезгилинин суммардык узактыгы. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд - максаттуу камсыздандыруу фонду, анда камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынуучу жана камсыздандырылган адамдын пайдасына инвестициялык киреше алуу максатында инвестициялануучу пенсиянын топтолуучу бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрү топтолот. Инвестициялык киреше - баалуу кагаздар жана банктык депозиттер боюнча дивидендер жана пайыздар (кирешелер), пенсиялык топтолгон каражатты инвестициялоо боюнча операциялардын кирешелеринин башка түрлөрү. Топтолгон пенсиялык камсыздоо - топтолуулардын системасы, пенсиялык топтолууларды инвестициялоо, жарандардын камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгү боюнча инвестициялык кирешени бөлүштүрүү жана алардын негизинде пенсияларды төлөө. Пенсиялык активдер - инвестициялоо, камсыздандырылган адамдын пайдасына инвестициялык киреше алуу, топтолгон пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдү камсыздоо жана жүргүзүү үчүн багытталган каражаттар. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тууралуу келишим - камсыздандырылган адамдын пайдасына топтолуучу пенсиялык фонд менен камсыздандырылган адамдын ортосундагы макулдашуу, ага ылайык топтолуучу пенсиялык фонд пенсиялык негиздер келип чыкканда камсыздандырылган адамга пенсиянын топтолуучу бөлүгүн дайындоону жана төлөп берүүнү жүзөгө ашырууга милдеттүү. Пенсиялык топтоолор - пенсиялык топтоолорго түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана аларды инвестициялоодон алынган кирешенин эсебинен түзүлгөн каражаттардын жарандардын жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынган жыйындысы. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, камсыздандыруу салымдарын жыйноо, камсыздандыруу салымдарын эсептөөнү жана төлөөнү контролдоону жүзөгө ашыруу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы. (Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-февралындагы № 12, 2009-жылдын 15-июлундагы № 217, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2020-жылдын 13-майындагы № 54, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 мая 2020 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам администрирования сбора страховых взносов по государственному социальному страхованию"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2015 года № 212 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2009 года № 217 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном страховании"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 февраля 1998 года №12 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном страховании"Редакцияларды салыштыруу
26.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…- камсыздандыруу учуру келип чыкканда камсыздандырылган адамга алынып салынды: мыйзамдарда кошулду: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө жана шарттарда төлөнө турган камсыздандыруу төлөмү.
Компенсация - алынып салынды: мыйзамдарда кошулду: Кыргыз Республикасынын жарандык жана эмгек мыйзамдарында белгиленген учурларда камсыздандырылган адамдардын чыгымдарынын ордун … укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, камсыздандыруу салымдарын жыйноо, … жана ыйгарым укуктарга ээ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-февралындагы № 12, 2009-жылдын 15-июлундагы № 217, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2020-жылдын 13-майындагы № алынып салынды: 54 кошулду: 54, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча НУСКАМА (КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилди)Инструкция · 26.06.2015 · № 5389-V
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-сентябрындагы № 494 "Камсыздандыруу салымдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 23.09.2019 · № 494
- 2018-жылдын 31-декабры № 649 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик…Постановление · 31.12.2018 · № 649
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/627/st-2" title="2-статья - Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>