# 18-статья. Пособиелерди жана компенсацияларды дайындоо жана төлөө

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/627)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 20-мартындагы № 20 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 февраля 2005 года №32 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственном социальном страховании»](https://aqlex.ai/kg/doc/1628)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/627#diff=1247267..1247268>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/627/edition/1247260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/627/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 18-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-18

---

1. Эмгектик мамилелерде болгон камсыздандырылган адамдарга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелер жана компенсациялар камсыздандыруучу тарабынан иштеген же жашаган жери боюнча дайындалат жана төлөнөт. Ишкана жоюлган же камсыздандыруучу алмаштырылган учурда пособиелер анын укуктук жолун жолдоочусу тарабынан, ал эми укуктук жолун жолдоочу жок болгон учурда - камсыздандыруучуну каттаган социалдык камсыздандыруунун аткаруучу органы (камсыздоочу) тарабынан дайындалат жана төлөнөт.

Башка шарттарда эмгектенген камсыздандырылган адамдарга пособиелер жана компенсациялар камсыздандыруучуну каттаган социалдык камсыздандыруунун аткаруучу органы (камсыздоочу) тарабынан дайындалат жана төлөнөт.

2. Иштебеген камсыздандырылган адамдарга (пенсионерлерге) пособиелер жана компенсациялар алар жашаган жердеги социалдык камсыздандыруунун аткаруучу органы тарабынан дайындалат жана төлөнөт.

3. Аталган адамдарды пособиелер жана компенсациялар менен камсыз кылуу жагындагы мамилелер алар менен камсыздоочунун ортосунда түзүлгөн келишим тарабынан жөнгө салынат.

4. Эгерде пособие дайындоо жөнүндө камсыздандыруу учуру бүткөн күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кайрылуу жасалса, пособие дайындалат жана төлөнөт.

Камсыздандырылган адамдардын өлгөн күнүнө карата талап кылынбаган пособие аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө же өлгөн адамдын багуусунда болгон адамга төлөнөт. Алынбай калган пособие мурасталуучу мүлккө киргизилбейт. (КР 2005-жылдын 13-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/627/st-19)
