Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-статья. Пособиелерди жана компенсацияларды дайындоо жана төлөө
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · III Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 февраля 2005 года №32
1. Эмгектик мамилелерде болгон камсыздандырылган адамдарга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелер жана компенсациялар камсыздандыруучу тарабынан иштеген же жашаган жери боюнча дайындалат жана төлөнөт. Ишкана жоюлган же камсыздандыруучу алмаштырылган учурда пособиелер анын укуктук жолун жолдоочусу тарабынан, ал эми укуктук жолун жолдоочу жок болгон учурда - камсыздандыруучуну каттаган социалдык камсыздандыруунун аткаруучу органы (камсыздоочу) тарабынан дайындалат жана төлөнөт.
Башка шарттарда эмгектенген камсыздандырылган адамдарга пособиелер жана компенсациялар камсыздандыруучуну каттаган социалдык камсыздандыруунун аткаруучу органы (камсыздоочу) тарабынан дайындалат жана төлөнөт.
2. Иштебеген камсыздандырылган адамдарга (пенсионерлерге) пособиелер жана компенсациялар алар жашаган жердеги социалдык камсыздандыруунун аткаруучу органы тарабынан дайындалат жана төлөнөт.
3. Аталган адамдарды пособиелер жана компенсациялар менен камсыз кылуу жагындагы мамилелер алар менен камсыздоочунун ортосунда түзүлгөн келишим тарабынан жөнгө салынат.
4. Эгерде пособие дайындоо жөнүндө камсыздандыруу учуру бүткөн күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кайрылуу жасалса, пособие дайындалат жана төлөнөт.
Камсыздандырылган адамдардын өлгөн күнүнө карата талап кылынбаган пособие аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө же өлгөн адамдын багуусунда болгон адамга төлөнөт. Алынбай калган пособие мурасталуучу мүлккө киргизилбейт. (КР 2005-жылдын 13-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/627/st-18" title="18-статья - Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>