# КР Президентинин 2007-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 287 "Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" республикалык борборуна "улуттук" статусун берүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2007-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 287 "Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" республикалык борборуна "улуттук" статусун берүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 287
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62695>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6561/edition/509818/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62695.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2007-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 287 "Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" республикалык борборуна "улуттук" статусун берүү жөнүндө" Жарлыгы (05.06.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62695

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2007-жылдын 5-июну ПЖ № 287 Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" республикалык борборуна "улуттук" статусун берүү жөнүндө

Мектептен тышкаркы, кошумча билим берүүгө балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" республикалык борборунун өзгөчө сиңирген эмгегин, ошондой эле өсүп келаткан муунду тарбиялоого кошкон кыйла салымын эске алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" республикалык борборуна "улуттук" статусу берилсин жана мындан ары "Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору" деп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору жөнүндө Жобону бекитсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана финансылык маселелерди 2007-жылга каралган каражаттардын чектеринде чечсин.

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
