КР Президентинин ПЖ № 2 «Баа саясатынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» Указы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 28 сентября 1993 года УП №267 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 1993-09-28.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Президентинин 1993-жылдын 28-сентябрындагы №267 жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ УКАЗ 1992-жылдын 3-январы ПЖ № 2 Баа саясатынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө Баалардын өсүшүнөн жана керек-жарак рыногунда товарлардын тартыштыгынын күч алышынан улам эмгек акы жагында жумушчуларды жана кызматчыларды, ошондой эле мамлекеттин камсыздоосунда турган республиканын калкын социалдык жактан колдоо боюнча 1991-жылдын 4-декабрындагы указда каралган чаралар жетишсиз болуп калгандыгына байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 1992-жылдын 1-январынан баштап мамлекеттик ишканалар менен уюмдарда, ошондой эле менчиктин жамааттык жана жеке түрлөрүнө негизделген ишканаларда жана уюмдарда эмгек келишими боюнча жаткан жумушчулар менен кызматчылардын эмгек акысынын минималдуу өлчөмү айына 350 сом көлөмүндө бекитилсин.
2. 1992-жылдын 1-январынан баштап элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, илим, укук коргоо органдарынын жана бюджеттик финансылоодо турган башка мекемелер менен уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысы эки эсе жогорулатылсын.
3. 1992-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасында эмгектик пенсиянын минималдуу өлчөмү 350 сом көлөмүндө белгиленсин.
Иштебеген пенсионерлерге ай сайын компенсация төлөө алып салынсын. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык маселелер боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикалык пенсиялык Фондусу, Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлиги 1992-жылдын 1-мартына чейин пенсиялардын бардык түрлөрүн кайра эсептөөнү ушул Указга ылайык келтирсин жана аларды төлөп берүүнү камсыз кылсын.
4. 1992-жылдын 1-январынан баштап стипендиялардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:
- жогорку окуу жайларынын студенттерине – айына 270 сом;
- атайын орто окуу жайларынын окуучуларына – 220 сом;
- кийим жана тамак-аш менен камсыз кылынбаган кесиптик-техникалык окуу жайларынын окуучуларына – айына 190 сом;
- кийим жана тамак-аш менен камсыз кылынган кесиптик-техникалык окуу жайларынын окуучуларына – айына 90 сом.
5. 1992-жылдын 1-январынан баштап аспиранттардын стипендиялары эки эсе жогорулатылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- «Кыргыз Республикасындагы кооперация жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 1992-жылдын биринчи жарым жылдыгында жумушчуларды жана кызматчыларды тамак-аш азыктары менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында ишканаларда, уюмдарда, ошондой эле элге билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде соода-сатык жана башка керек-жарак кооперативдеринин кеңири тармагын уюштурууна зарыл көмөк көрсөтсүн;
- 1992-жылдын 15-январына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине прогрессивдүү салык салына турган эмгек акынын жана ага теңештирилген кирешелердин минималдуу өлчөмүн 1,5 миң сомго чейин жогорулатуу жөнүндө сунуш киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 4-декабрындагы № ПУ-389 «Мамлекеттин камсыз кылуусунда турган Кыргыз Республикасынын калкынын турмуш деңгээлин колдо боюнча чаралар жөнүндөгү» Указы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 4-декабрындагы № ПУ-387 «Эмгек акы жагында жумушчулар менен кызматчыларды социалдык жактан колдоону күчөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Указынын 1-жана 2-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
8. Указ ага кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Указ Президента КР от 28 сентября 1993 года УП №267 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"Указ · 28.09.1993 · № 267
- Указ Президента РК от 3 января 1992 года УП №2 "О дополнительных мерах социальной поддержки населения Республики Кыргызстан в связи с изменением политики цен"Указ · 03.01.1992 · № 2 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 4 декабря 1991 года УП N 387 " О мерах по усилению социальной поддержки рабочих и служащих в области оплаты труда"Указ · 04.12.1991 · № 387 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 4 декабря 1991 года УП N 389 " О мерах по поддержке жизненного уровня населения Республики Кыргызстан, находящегося на государственном обеспечении"Указ · 04.12.1991 · № 389 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О кооперации в Республике КыргызстанЗакон · 12.12.1991 · № 647-XII · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №372 "Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2011-жылга карата…Постановление · 06.07.2011 · № 372 · Күчүн жоготкон