# КР Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 54 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кенеши жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 54 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кенеши жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 07.03.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62691>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6558/edition/1161241/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62691.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 54 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кенеши жөнүндө" Жарлыгы (11.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62691

---

КР Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 Жарлыгынын негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 7-марты ПЖ № 54 Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө (КР Президентинин 2016-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 28, 2016-жылдын 18-августундагы ПЖ № 185 Жарлыгынын редакциясына ылайык) "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токтом кылам:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин курамы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын статистика боюнча Кеңеши жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев

2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин КУРАМЫ

(КР Президентинин 2016-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 28, 2016-жылдын 18-августундагы ПЖ № 185 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Султанов А.Ш.

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы

Мадеминов М.Г.

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Кармышаков У.Т.

\-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Иманалиев Д.Ш.

\-

Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;

Чуйков Н.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

Акимова Н.М.

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти;

Жеңиш Нурбек

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары;

Акматалиев А.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик;

Дикамбаев А.Ш.

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору

Акенеев Ж.А.

\-

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, коомдук ишмер;

Мусаев А.Ы.

\-

Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору.
