# КР Президентинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62676>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6544/edition/514388/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62676.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы (17.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62676

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 17-апрели ПЖ № 87 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамынын 25-беренесине ылайык, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 15-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үй-бүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин жумушчу органдын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн алдындагы ченемдик укук актыларын гендердик экспертизалоо боюнча комиссия жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин Жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-майындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин жобосун жана курамын бекитүү жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369 "2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик тендештикке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планы жөнүндө" Жарлыгы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 7-майындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
