# КР Президентинин 2007-жылдын 24-майындагы ПЖ № 266 "Т.Т.Абдраев, Ж.С.Аширов жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2007-жылдын 24-майындагы ПЖ № 266 "Т.Т.Абдраев, Ж.С.Аширов жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 266
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.05.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62659>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6527/edition/507744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62659.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2007-жылдын 24-майындагы ПЖ № 266 "Т.Т.Абдраев, Ж.С.Аширов жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы (24.05.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62659

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2007-жылдын 24-майы ПЖ № 266

Т.Т.Абдраев, Ж.С.Аширов жана башкалар жөнүндө

Жергиликтүү соттордун түзүмү жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык саны бекигендигине байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-статьясындагы 4-пунктту жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-мартындагы № 135 Жарлыгы менен дайындалган Абдраев Таалайбек Токтомушович ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Бишкек гарнизонунун аскердик сотунун судьясынын кызматынан Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун судьясынын кызматына;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 13-октябрындагы № 459 Жарлыгы менен дайындалган Аширов Жанышбек Сайдилаевич ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Баткен гарнизонунун аскердик сотунун судьясынын кызматынан Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кызылкыя шаардык сотунун судьясынын кызматына; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-декабрындагы № 651 Жарлыгы менен дайындалган Байсеитов Таалайбек Карыбаевич ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Чүй гарнизонунун аскердик сотунун судьясынын кызматынан Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьясынын кызматына; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы № 362 Жарлыгы менен дайындалган Нурматов Нурадил Юсупбекович ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясынын кызматынан Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун судьясынын кызматына; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы № 362 Жарлыгы менен дайындалган Сыдыков Акылбек Ишенбекович ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Балыкчы гарнизонунун аскердик сотунун судьясынын кызматынан Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Ысыккөл райондук сотунун судьясынын кызматына; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы № 362 Жарлыгы менен дайындалган Эсеналиев Нурбек Канатбекович ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясынын кызматынан Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун судьясынын кызматына которулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
