# КР Президентинин 2007-жылдын 8-майындагы ПЖ № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2007-жылдын 8-майындагы ПЖ № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 240
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62641>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6509/edition/1184175/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62641.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2007-жылдын 8-майындагы ПЖ № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу тууралу" Жарлыгы (15.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62641

---

КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2007-жылдын 8-майы ПЖ № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу тууралу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын жарандарына маалыматты анык, толук жана өз убагында берүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишинде маалыматтык толук ачыктыкка, маалымдуулукка жана тунуктукка жетишүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар:

- өзүнүн курамында калкка маалыматтарды тикелей берүү боюнча функцияларды бекитип берүү менен түзүмдүк бөлүмдү аныктасын же аталган функцияларды аткарууну түзүмдөгү башка кызматтарга же бөлүмдөргө жүктөп жана аталган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдарды дайындасын;

- телефон боюнча кыска маалыматтык аныктамаларды берүүнү, анын ичинде расмий маалыматтар фонду менен таанышуу тартибине жана иштөө режимине тиешелүү аныктамаларды берүүнү уюштурсун;

- жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен маалымат алуунун аталган Мыйзам менен берилген мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

- аталган Мыйзамдын талаптарынын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө докладды жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.

2. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда камтылган иш-чараларды финансылоо каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.

3. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун сактоо жана аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
