Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 240 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу тууралу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента Кыргызской Республики от 15 августа 2022 года УП № 283 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-15.
КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2007-жылдын 8-майы ПЖ № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу тууралу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын жарандарына маалыматты анык, толук жана өз убагында берүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишинде маалыматтык толук ачыктыкка, маалымдуулукка жана тунуктукка жетишүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар:
- өзүнүн курамында калкка маалыматтарды тикелей берүү боюнча функцияларды бекитип берүү менен түзүмдүк бөлүмдү аныктасын же аталган функцияларды аткарууну түзүмдөгү башка кызматтарга же бөлүмдөргө жүктөп жана аталган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдарды дайындасын;
- телефон боюнча кыска маалыматтык аныктамаларды берүүнү, анын ичинде расмий маалыматтар фонду менен таанышуу тартибине жана иштөө режимине тиешелүү аныктамаларды берүүнү уюштурсун;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен маалымат алуунун аталган Мыйзам менен берилген мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- аталган Мыйзамдын талаптарынын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө докладды жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
2. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда камтылган иш-чараларды финансылоо каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
3. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун сактоо жана аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008 жылдын №210 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы…Распоряжение · 22.04.2008 · № 210
- Постановление Жалал-Абадского городского кенеша от 2 февраля 2010 года №9 "Об утверждении типового положения "О порядке организации информационного обмена между органами местного…Постановление · 02.02.2010 · № 9
- Баткен шаардык кенешинин 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 9-9 токтому менен бекитилген "Баткен шаардык мэриясы менен калктын ортосунда маалымат алмашууну уюштуруунун тартиби…Положение · 30.09.2009 · № 9-9
- Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 2009-жылдын 18 декабрындагы №13 " Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен калктын ортосунда маалымат алмашуусун уюштуруунун тартиби" жѳнүндѳгү…Постановление · 18.12.2009 · № 13
- Кара-Кочкор айылдык кенешинин 2011-жылынын 16-февралындагы №17/3 "«Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши менен жергиликтүү калктын өз ара маалымат алмашууларын уюштуруунун тартиби…Постановление · 16.02.2011 · № 17/3
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 283
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 283
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөЗакон · 28.12.2006 · № 213 · Күчүн жоготкон