# КР Президентинин 2014-жылдын 12-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2014-жылдын 12-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62508>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6381/edition/506152/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2014-жылдын 12-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62508

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 12-февралы ПЖ № 25 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо жекшемби күнгө, 2014-жылдын 13-апрелине дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн;

- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда көрсөтүлгөн кеңештин карамагына тиешелүү документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
