# КР Президентинин 2007-жылдын 30-январы ПЖ № 18 "Ө.А.Алиев, Ж.Б.Бектемиров жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2007-жылдын 30-январы ПЖ № 18 "Ө.А.Алиев, Ж.Б.Бектемиров жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6266/edition/514028/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2007-жылдын 30-январы ПЖ № 18 "Ө.А.Алиев, Ж.Б.Бектемиров жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы (30.01.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62387

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2007-жылдын 30-январы ПЖ № 18 Ө.А.Алиев, Ж.Б.Бектемиров жана башкалар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясындагы 2-пункттун 3-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 11-статьясынын биринчи бөлүгүндөгү 1-пунктчага ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2006-жылдын 29-декабрынан тартып төмөнкүлөр бошотулсун:

Алиев Өзбек Адамович - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 29-декабрындагы N 460 Жарлыгы менен жети жылдык мөөнөткө дайындалган Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясынын кызматынан; Бектемиров Жакыпбек Барыктабасович - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 4-июлундагы № 225 Жарлыгы менен жети жылдык мөөнөткө дайындалган Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясынын кызматынан; Ибраева Жумагүл Дүйшеновна - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 29-декабрындагы № 460 Жарлыгы менен жети жылдык мөөнөткө дайындалган Нарын облустук сотунун судьясынын кызматынан; Мамытов Эмилбек Насипович - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы № 362 Указы менен жети жылдык мөөнөткө дайындалган Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун төрагасынын орунбасарынын кызматынан; Оморова Максуда Мадиевна - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 10-июлундагы № 229 Жарлыгы менен жети жылдык мөөнөткө дайындалган Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орунбасарынын кызматынан.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
