# Боролдой айыл Кеңешинин төрагасынын 2014-жылы 22-январындагы №2 (Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Баякеевага ишеним көрсөтпөө жөнүндө) токтому

- Толук аталышы: Боролдой айыл Кеңешинин төрагасынын 2014-жылы 22-январындагы №2 (Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Баякеевага ишеним көрсөтпөө жөнүндө) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5876/edition/544051/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Боролдой айыл Кеңешинин төрагасынын 2014-жылы 22-январындагы №2 (Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Баякеевага ишеним көрсөтпөө жөнүндө) токтому (22.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62286

---

БОРОЛДОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ

2-сессия 26-чакырылыш

2014-жылы 22-январы №2 «Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы

К.Б. Баякеевага ишеним көрсөтпөө жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Бишкек шары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүктөрүнүн мамлекеттик инспектору тарабынан 2013- жьлдын 24-декабрдагы аудиттин актысынын, Кемин районунун Боролдой айыл округунун бюджетинин аткарылышы менен таанышып чыгып жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» (КРнын 2012-ж. 10- августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясында) Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун 2- подпунктунун, 2-пунктунун 6-подпунктунун жетекчиликке алып жана Боролдой айыл Кеңешинин 26 - чакырылышынын депутаттарынын 2014-жылдын 22- январдагы сессиясынын № 2 протоколунун негизинде, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун 2-подпунктунун жана Боролдой айыл Кеңешинин 26-чакырылыштагы депутаттарынын 2014-жылдын 22-январдагы № 2 протоколунун негизинде Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы Баякеева Кенджекул Бурумбаевнага ишеним көрсөтүлбөсүн.

2. Аталган токтом Кемин райондук мамлекеттик администрациясына, аймактык шайлоо комиссиясына. Кьтргыз Республикасынын адилет министрлигине жөнөтүлсүн жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын өзүм көзөмөлгө алам.

Боролдой айыл Кеңешинин төрагасы:

Э.Орозбаков
