# Токмок шаардык кеңешинин 2013-жылдын 12-декабрындагы № 73/11-3 "Б.Ү.Есенбаеванын мөөнөтүнөн мурда өз ыктыяры менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2013-жылдын 12-декабрындагы № 73/11-3 "Б.Ү.Есенбаеванын мөөнөтүнөн мурда өз ыктыяры менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 73/11-3
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62277>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5873/edition/597009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62277.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2013-жылдын 12-декабрындагы № 73/11-3 "Б.Ү.Есенбаеванын мөөнөтүнөн мурда өз ыктыяры менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" токтому (12.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62277

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XI СЕССИЯСЫ

2013-жылдын 12-декабры № 73/11-3

Б.Ү.Есенбаеванын мөөнөтүнөн

мурда өз ыктыяры менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 3 б., Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 52 б., Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 24 б. ылайык жана Токмок шаардык Кеңешинин депутаты Б.Ү.Есенбаеванын 09.10.2013-жылдагы жеке арызынын негизинде Токмок шаардык кеңеши токтом кылат:

1. «Ар-Намыс» партиясынан Токмок шаардык Кеңешинин депутаты Есенбаева Бакыт Үсөнбековнанын депутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен токтотуу жөнүндө арызы канааттандырылсын.

2. Ушул токтом Токмок шаардык Кеңешинин бош калган депутаттык мандатынын ордун ээлөө үчүн Токмок аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Токмок шаардык Кеңешинин депутаты Б.Ү Есенбаеванын депутаттык мандаты 2013-жылдын 12-декабрынан баштап мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

4. Токмок шаардык Кеңешинин депутаты Б.У.Есенбаеванын күбөлүгү жараксыз деп таанылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Р.Таманбаев
