# Кең-Булуң айылдык кеңешинин 2013-жылдын 30-мартындагы № 27/III-26 "Кең-Булуң айылдык округда жайгашкан жерлерди жер категорияларына ылайык пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кең-Булуң айылдык кеңешинин 2013-жылдын 30-мартындагы № 27/III-26 "Кең-Булуң айылдык округда жайгашкан жерлерди жер категорияларына ылайык пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27/III-26
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5802/edition/465031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кең-Булуң айылдык кеңешинин 2013-жылдын 30-мартындагы № 27/III-26 "Кең-Булуң айылдык округда жайгашкан жерлерди жер категорияларына ылайык пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө" токтому (30.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62205

---

КЕҢ-БУЛУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 30-марты № 27/III-26 Кең-Булуң айылдык округда жайгашкан жерлерди жер категорияларына ылайык пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө Кең-Булуң айылдык округунун № 149 жана 180 контурунда жайгашкан жер ээлеринин арызын карап жана талкуулап жана 07.02.2013- жылдагы № 01-8-72 ГП ГПИЗ «Кыргызгипрозем» каты, чек араларды чектөө жөнүндө 15.03.2013-жылдагы акт, жана ошондой эле Дружба айылынын тургундарынын жеке турак жай курууга жер тилкелерин берүү суроосун жарым жартылай чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18 жана 49-беренелерине ылайык Кең-Булуң айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Булуң айылдык округдун аймагында жайгашкан жер тилкелерин тиешелүү жер тилкелеринин категориясына келтирилсин:

-Жер ээлери Нусыр Х.И., Бишанло А № 180 контурдагы 1,4 га жер үлүшүн сугат жер катары пайдаланууну токтотушсун, «Калк конуштар жерлери» категориясына ылайык короо жай катары пайдаланууга уруксат берилсин. -№ 149 контурдагы 1,76 га аянтттуу жерди Медреседен короо жай фондуна бириктирилсин;

2. Жер ээлери 1- пункта көрсөтүлгөн, бекитилген тартипте курулуштун генералдык планын иштеп чыгып, жер тилкелерин жер категориясына ылайыкташтырышсын.

3. Кең-Булуң айыл өкмөтү жер категориясына ылайык жерлерди пайдалануу боюнча тиешелүү чечимдерди чыгарышсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кең-Булуң айылдык кеңешинин жер суроолору боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Кең-Булуң айылдык кеңешинин төрагасы

Р. Мадинцеев
