# Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин 2012 жылдын 30 мартындагы № 134/ХIХ – 25 "Таштандыларды чыгаруу учун коюлган ченди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин 2012 жылдын 30 мартындагы № 134/ХIХ – 25 "Таштандыларды чыгаруу учун коюлган ченди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 134\\XIX-25
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5723/edition/460640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин 2012 жылдын 30 мартындагы № 134/ХIХ – 25 "Таштандыларды чыгаруу учун коюлган ченди бекитүү жөнүндө" токтому (30.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62121

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2012 жылдын 30 марты № 134/ХIХ – 25 Таштандыларды чыгаруу учун коюлган ченди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин (Кыргыз Республикасынын салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Респуликасынын мыйзамы) таштандыларды чыгаруу үчүн коюлган ченди бекитуу жөнүндөгү 12- беренесине ылайык, Узун-Кыр айылдык округунун кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012 жылга таштандыларды чыгаруу үчүн 1 адамга ( жеке ишкер үчүн) – 60 (алтымыш) сом, мекеменин кызматкерине (юридикалык жак үчүн) – 100 (жуз) сом өлчөмүндө ченди коюу менен ушул жылдын 1 апрелине чейин төлөө мөнөөтү бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы –К.Макашовага жүктөлсүн.

Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин төраганын орун басары

К.Бегалиев
