# КР Президентинин 2014-жылдын 6-февралындагы ПЖ № 23 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2014-жылдын 6-февралындагы ПЖ № 23 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6159/edition/1083572/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2014-жылдын 6-февралындагы ПЖ № 23 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө" Жарлыгы (10.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62100

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 6-февралы ПЖ № 23 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө (КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136, 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн, 65-беренесин, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 Мыйзамынын 2-беренесин жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын реформалоо жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2013-жылдын 5-июлундагы N 4 чечимин ишке ашыруу максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү аскердик башкаруунун борбордук органы жана оперативдүү башкаруунун башкы органы катары аныкталып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабына өзгөртүп түзүлсүн.

2. Алымкожоев Асанбек Тунгучпаевич Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги болуп дайындалсын.

3. (КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
