КР Президентинин ПЖ № 23 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 6-февралы ПЖ № 23 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө (КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136, 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн, 65-беренесин, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 Мыйзамынын 2-беренесин жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын реформалоо жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2013-жылдын 5-июлундагы N 4 чечимин ишке ашыруу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү аскердик башкаруунун борбордук органы жана оперативдүү башкаруунун башкы органы катары аныкталып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабына өзгөртүп түзүлсүн.
2. Алымкожоев Асанбек Тунгучпаевич Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги болуп дайындалсын.
3. (КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.08.2021 · № 340
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 142 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 23.03.2015 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2014-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 124 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин…Указ · 24.06.2014 · № 124 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына…Постановление · 31.07.2014 · № 429 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.08.2021 · № 340
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 03.02.2014 · № 24
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон