# КР Президентинин 2008-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 452 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2008-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 452 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 452
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62038>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6101/edition/1184201/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62038.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2008-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 452 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы (15.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62038

---

КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2008-жылдын 18-декабры ПЖ № 452 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Экономикалык иштин субъекттеринин каттоо, маалыматтык, статистикалык, финансылык жана башка көрсөткүчтөрүн чагылдырган колдо бар ведомстволук маалыматтар базасынын негизинде экономикалык иштин субъекттеринин Бирдиктүү мамлекеттик маалыматтар базасын түзүү жана киргизүү процессин тездетүү зарылчылыгына байланыштуу токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

2-пунктта:

- он төртүнчү абзац алып салынсын;

- он бешинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Экономикалык иштин субъекттеринин каттоо, маалыматтык жана башка идентификациялык маалыматтарын чагылдырган колдо бар ведомстволук маалыматтар базасынын негизинде экономикалык иштин субъекттеринин Бирдиктүү мамлекеттик маалыматтар базасын (мындан ары - Бирдиктүү база) түзүү жана киргизүү этап боюнча жүзөгө ашырылсын:

- эки айлык мөөнөттө ведомстволук маалыматтар базасынын негизинде Бирдиктүү базанын түзүмү аныкталсын (I этап);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттиги:

- үч айлык мөөнөттө Бирдиктүү базаны түзүү жана Бирдиктүү базадан маалыматтарды алуу (II этап) үчүн маалыматтарды берүүнүн регламентин иштеп чыксын;

- таламдаш жактарга Бирдиктүү базага ээ болуу (III этап) каражаттарын берсин.".

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
