# КР Президентинин 2008-жылдын 16- сентябрындагы ПЖ № 334 "Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2008-жылдын 16- сентябрындагы ПЖ № 334 "Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 334
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/62021>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6084/edition/500267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/62021.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2008-жылдын 16- сентябрындагы ПЖ № 334 "Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы (16.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/62021

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 16- сентябры ПЖ № 334 Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө Республиканын пенсионерлеринин турмуш деңгээлин колдоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2008-жылдын 1-октябрынан тартып:

- «Мамлекеттик пенсиалык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык бөлүгү жогорулатылсын жанаал 530 сом өлчөмүндө белгиленсин;

- «Мамлекеттик пенсиалык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2008-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 17 пайызга жогорулатылсын.

2. «Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 Жарлыгына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чвккан пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептөөгө байланыштуу өзгөртүлбөйт.

3.Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул Жарлыкка ылйык белгиленген тартипте:

- «2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыкксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- пенсияларды өз учурунда кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылсын.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
