# 8-статья. Ардагерлерди социалдык жактан коргоо чараларын финансылоо

- Документ: [Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/620)
- Толук аталышы: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539); 30.12.2009 [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/620#diff=1234843..1234844>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-586/edition/1234830/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/620/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө, 8-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-8

---

Ушул Мыйзам тарабынан берилген социалдык гарантияларды жана компенсацияларды жүзөгө ашырууга жумшалуучу чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жумшалат; көрсөтүлгөн чыгымдарды ордун толуктоо тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет. Ушул Мыйзамда белгиленген ардагерлерди социалдык жактан коргоо чараларын финансылоо үчүн кошумча каражаттар белгиленген тартипте мыйзамда тыюу салынбаган кандай гана болбосун булактардан алынышы мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ардагерлерге кошумча белгиленген социалдык жактан коргоо чараларын финансылоо тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлөт. Социалдык гарантиялар жана компенсациялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдөрдө жана тартипте берилет. (КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-9)
