# 6-статья. Граждандардын айрым категорияларына ардагер статусунун жайылтылбай тургандыгы жөнүндө

- Документ: [Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/620)
- Толук аталышы: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-586/edition/1234830/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/620/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө, 6-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-6

---

Согуш ардагеринин статусу ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн, согуш аракеттери жүргүзүлүп жаткан учурда кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарга; дисциплинардык жоруктары үчүн согуш аракеттери жүргүзүлүп жаткан өлкөлөрдөгү аскердик бөлүктөрдөн жана мекемелерден мөөнөтүнөн мурда кайра жиберилген адамдарга, ошондой эле мунапыс же кечирим берүү боюнча уголовный жоопкерчиликтен жана жазадан бошотулган адамдарга карата жайылтылбайт. Куралдуу Күчтөр ардагеринин статусу ушул Мыйзамдын 5-статьясына ылайык кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон же аскердик (атайын) наамга шек келтирген жоруктарды жасагандыгы үчүн аскер кызматынан (ички иштер органдарынан) бошотулган адамдарга карата жайылтылбайт. Көрсөтүлгөн адамдар административдик же сот тартибинде акталгандан кийин ардагер деп таанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-7)
