# 33-статья. Ардагерлердин укугун ырастоочу документтер

- Документ: [Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/620)
- Толук аталышы: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539); 30.12.2009 [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/620#diff=1234843..1234844>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-586/edition/1234830/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/620/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө, 33-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-33

---

Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерине жана оруктун эмгекчилерине социалдык гарантияларга кошумча маалымат камтылган белгилүү бир үлгүдөгү күбөлүк социалдык жактан коргоо органдары жана аскер комиссариаттары тарабынан алар туруктуу жашаган жер боюнча берилет. Ардагерлердин социалдык гарантияларын ишке ашыруу ардагерлердин ар бир категориясы үчүн СССРдин Өкмөтү тарабынан 1992-жылдын 1-январына чейин, же болбосо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген бирдей үлгүдөгү күбөлүк алар тарабынан көрсөтүлгөндө жүзөгө ашырылат. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-34)
