# 29-статья. Ардагерлердин бирикмелери менен уюмдарынын ишинин гарантиялары

- Документ: [Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/620)
- Толук аталышы: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/620#diff=1234838..1234839>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-586/edition/1234830/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/620/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө, 29-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-29

---

Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары ардагерлердин коомдук бирикмелеринин жана уюмдарынын ишине ар тараптан көмөк көрсөтөт, аларга иштеш үчүн жабдылган жайларды, керектүү информацияны акысыз беришет жана финансылык, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардамдын башка түрлөрүн көрсөтүшөт. Ардагерлердин бирикмелеринин жана уюмдарынын ишинин маселелери боюнча чечимдер ардагерлердин уюмдарынын жетекчи органдарынын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары тарабынан кабыл алынат. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-30)
