# 25-статья. Курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө берилүүчү социалдык гарантиялар

- Документ: [Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/620)
- Толук аталышы: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539); 24.06.2021 [ЗАКОН КР от 24 июня 2021 года N 74 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О ветеранах войны, Вооруженных Сил и тружениках тыла"](https://aqlex.ai/kg/doc/112250); 30.12.2009 [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242); 17.10.2008 [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446); 27.01.2006 [Закон КР от 27 января 2006 года № 24 "О внесений изменений в Закон КР "О ветеранах войны, вооруженных сил и тружениках тыла"](https://aqlex.ai/kg/doc/1812)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/620#diff=1234843..1234844>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-586/edition/1234830/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/620/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө, 25-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-25

---

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Курман болгон (дайынсыз жок болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:

1. Курман болгон жоокерлердин ата-энесине жана экинчи никеге турбаган жесирлерге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамын майрамдоого карата эсептешүү көрсөткүчүнүн 2 өлчөмүндө жыл сайын пособие төлөнөт.

11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.

2. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Курман болгон жоокерлердин ата-энесинен жана экинчи никеге турбаган жесирлерден мурастын абалынын суммасына карабастан мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгендиги үчүн мамлекеттик акчалай жыйым 5 сом өлчөмүндө алынат.

4. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.

5. Пенсияга чыккан учурда алар мурда иштеген мезгилде көрүнгөн баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдарын пайдаланат.

6. Иштеген жери боюнча санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен камсыз болууга артыкчылык укугунан пайдаланат.

7. Афганистанда интернационалдык парызын аткаруу учурунда алган жаракатынын, контузиясынын, мертинүүнүн же оорунун натыйжасында курман болгон же болбосо өлгөн аскер кызматчыларынын аялдары, же болбосо ушул аскер кызматчыларынын балдарын багып жаткан башка адамдар иштеген жери боюнча эс алуу үйлөрүнө жана пансионаттарга балдар менен чогуу эс алуу үчүн жолдомолорду алууга, ошондой эле аталган аскер кызматчыларынын балдары үчүн балдарды дарылоо мекемелерине жолдомолорду алууга болгон артыкчылык укугунан пайдаланышат.

8. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондор биринчи кезекте турак жай аянты менен камсыз кылынат.

9. Курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү, курман болгон жоокерлердин экинчи никеге турбаган жесирлери ошого барабар башка турак жай аянтын бербестен туруп алар ээлеп турган кызматтык турак жай бөлмөлөрүнөн сот тартибинде чыгарылышы мүмкүн эмес.

10. Мамлекеттик жана коомдук турак жай фондуларынын үйлөрүндөгү өздөрү ээлеп турган турак үйлөрдү жана квартираларды жеке менчикке акысыз алышат.

11. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

12. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

13. Турак жай-курулуш кооперативине кирүүгө артыкчылык (биринчи кезекте) укугу берилет.

14. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

15. Биринчи кезектеги тартипте өзүмдүк турак жай куруу жана үйдү (квартираны) капиталдык оңдоо үчүн жергиликтүү курулуш материалдарын сатып алууга укуктуу.

16. Өзүмдүк үйлөрдү жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен капиталдык оңдоого укуктуу.

17. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

18. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

19. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

20. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

21. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жана/же дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын коюлган жери табылган учурда, анын үй-бүлөсү жана үй-бүлө мыйзамдарында аныкталган жакын туугандары (бирок зарыл учурда аларды коштоочу адамдарды кошуп алганда, эки кишиден ашык эмес) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен аны көмгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу. Үй-бүлөсү жана жакын туугандары (аларды коштоочу адам), эгерде алар жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына таандык болсо, көмүлгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу.

Аскер кызматчысы каза болгон учурда анын үй-бүлөсү жана жакын туугандары (бирок үч кишиден ашык эмес) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен аны көмгөн жерге барууга жана кайра келүүгө, ошондой эле үй-бүлөсү тандап алган жаңы жашай турган жерине барууга (аскер кызматчысы каза болгон күндөн тартып алты айдын ичинде) укуктуу.

22. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу болгон мезгилде пайдаланат, ошондой эле жылына эки жумага чейинки мөөнөткө эмгек акысын сактабастан кошумча өргүүгө чыгат.

23. Курман болгон жоопкерлердин экинчи никеге турбаган жубайлары квартирасына кезексиз телефон койдурууга укуктуу.

24. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө биринчи кезекте кабыл алынууга, ошондой эле социалдык жардам көрсөтүү бөлүмдөрү тарабынан үйүндө артыкчылык берүү менен тейленүүгө укуктуу.

(КР 2006-жылдын 27-январындагы N 24, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2021-жылдын 24-июнундагы N 74, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-26)
