# 24-статья. СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Афганистандын аймагында убактылуу болгон жана советтик аскерлердин чектелген контингентине кирбеген кызматкерлерине жана кызматчыларына берилүүчү социалдык гарантиялар

- Документ: [Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/620)
- Толук аталышы: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/620#diff=1234839..1234840>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-586/edition/1234830/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/620/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө, 24-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-24

---

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык) СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Афганистандын аймагында убактылуу болгон жана советтик аскерлердин чектелген контингентине кирбеген кызматкерлерине жана кызматчыларына төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:

1. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.

2. Иштеген жери боюнча санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомо менен камсыз болууга артыкчылык укугунан пайдаланат.

3. Турак жай аянты менен биринчи кезекте камсыз кылынат, ал эми жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же согуш аракеттеринде алынган оорунун натыйжасында же болбосо аскердик кызматтын башка милдеттерин аткаруу учурунда I топтогу майып болуп калгандар - турак жай аянты менен кезексиз камсыз кылынат.

4. I жана II топтогу майып болуп калган адамдар кызматтык турак жай бөлмөлөрүнөн чыгарылган учурда башка турак жай бөлмөлөрү берилет.

5. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Багбанчылык шериктештиктерине (кооперативдерге) кабыл алууда артыкчылык укугунан пайдаланат.

7. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу болгон мезгилде пайдаланат, ошондой эле жылына эки жумага чейинки мөөнөткө эмгек акысын сактабастан кошумча өргүүгө чыгат.

8. Жогорку жана орто атайын окуу жайларына конкурстан тышкары өтөт жана кесиптик билим берүү окуу жайларына жана тиешелүү кесиптерге үйрөтүү үчүн курстарга өтүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-25)
