# 23-статья. 1979-жылдын 1-декабрынан тартып 1989-жылдын декабрына чейинки мезгилде Афганистанга жана башка согуш аракеттери жүргүзүлгөн өлкөлөргө жиберилген жумушчуларга жана кызматчыларга берилүүчү социалдык гарантиялар

- Документ: [Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/620)
- Толук аталышы: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/620#diff=1234839..1234840>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-586/edition/1234830/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/620/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө, 23-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-23

---

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 1979-жылдын 1-декабрынан тартып 1989-жылдын декабрына чейинки мезгилде Афганистанга жана башка согуш аракеттери жүргүзүлгөн өлкөлөргө жиберилген жумушчуларга жана кызматчыларга төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:

1. Иштеген мезгилинде өздөрү көрүнгөн баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдардан пенсияга чыкканда пайдаланат.

2. Иштеген жери боюнча санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен камсыз кылууда артыкчылык укугунан пайдаланат.

3. I жана II топтогу майып болуп калган адамдар кызматтык турак жай бөлмөлөрүнөн чыгарылган учурда алар башка турак жай бөлмөсүн алууга укуктуу.

4. Өзүмдүк турак жай куруу үчүн жеңилдик берүүчү шарттарда ссуда алууга укуктуу.

5. Багбанчылык шериктештиктерге (кооперативдерге) кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.

6. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу мезгилде пайдаланат.

7. Квартирасына телефон койдурууда артыкчылык укугунан пайдаланат.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-24)
