# 20-статья. Жол катнаш эл комиссариатынын, Байланыш эл комиссариатынын, СССРдин Балык өнөр жай эл комиссариатынын балык уулоочу жана транспорттук кемелеринин сууда сүзгөн курамынын жана авиациянын учуп-конуу курамынын, деңиз жана дарыя флотунун, Башкы түндүк деңиз жолунун авиациясынын учуп-конуу курамынын Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде аскер кызматкерлеринин абалына өткөрүлгөн жана согушуп жаткан армиянын жана флоттун таламдарында согушуп жаткан фронттордун, флоттордун оперативдүү зоналарынын чектеринде милдеттерди аткарган жумушчулардын ичинен, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун башталышында башка мамлекеттердин портторунда интернирацияланган кемелеринин экипаждарынын мүчөлөрүнүн ичинен болгон согуштун ардагерлерине берилүүчү социалдык гарантиялар

- Документ: [Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/620)
- Толук аталышы: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/620#diff=1234839..1234840>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-586/edition/1234830/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/620/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө, 20-статья (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-20

---

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Жогоруда аталган категориядагы жумушчулардын ичинен болгон согуш ардагерлерине төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.

2. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Иштеген мезгилинде өздөрү көрүнгөн баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдардан пенсияга чыкканда да пайдаланат.

4. Санаторийлерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга жолдомолор менен камсыз болууда артыкчылык укугунан пайдаланат.

5. I-II топтогу майып болуп калган адамдар кызматтык турак жай бөлмөлөрүнөн чыгарылган учурда башка турак жай бөлмөсүн алууга укуктуу.

6. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. Багбанчылык шериктештигине (кооперативге) кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.

8. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу болгон мезгилде пайдаланат, ошондой эле жылына эки жумага чейинки мөөнөткө эмгек акысын сактабастан кошумча өргүүгө чыгат.

11. Квартирасына телефон койдурууга артыкчылык укугунан пайдаланат.

12. Турмуш тиричилик кызматынын, соода, коомдук тамак-аш ишканалары жана уюмдары тарабынан жеңилдик берүүчү шарттарда тейленет. Маданий-агартуу мекемелерине барган учурда жеңилдик берилет.

13. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө кезексиз кабыл алынууга, ошондой эле социалдык жардам бөлүмдөрү тарабынан үйдөн тейлөөгө кезексиз кабыл алынууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/620/st-21)
