# КР Президентинин 2008-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 328 "Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2008-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 328 "Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 328
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61998>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/61998/edition/500269/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61998.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2008-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 328 "Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы (10.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61998

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 10-сентябры ПЖ № 328 Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартибин "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жөнүндө Убактылуу Жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 28-июлундагы № 182а Указы;

- "Кыргыз Республикасынын судьяларынын квалификациялык коллегиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 19-декабрындагы № 414 Жарлыгы.

3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
